www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган аймактагы менчик ээлери мурда курулган конструкцияларды демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Долбоорго ылайык, бул жерде фонтандык композиция калыбына келтирилип, жашыл аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик план даярдалган.
Шаар башчысы "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) жетекчилиги менен жолугушуп, мурдагы кетирилген каталарды кайталабоого чакырды.
"Келгиле, мурунку каталарды кайталабайлы. Бүгүн аймакты кайра тосуп жатасыңар, бирок эртең ал жерде кайра эле бутиктер пайда болуп кетпеши керек. Бул жерди шаар тургундары үчүн ачык кылып, заманбап коомдук эс алуу аймагын түзүү зарыл", — деп баса белгиледи мэр.
Айбек Жунушалиев демонтаж иштери аяктагандан кийин аймакты тез арада калыбына келтирүү үчүн акыркы долбоорду кийинки шаар куруу кеңешинин жыйынына даярдоону тапшырды.
Мындан тышкары, шаар башчысы "Ташболот холдинг" компаниясынын өкүлдөрү менен бирге Old Bishkek долбоорунун аймагын текшерди. Ал жерде менчик ээлери үч кабаттуу имаратты өз ыктыяры менен демонтаждоо чечимин кабыл алышкан. Шаар тургундарынын пикирин эске алуу менен, бул аймакта жөө адамдар үчүн тилке жана жашыл зона уюштуруу пландалууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр шаардык кызматтарга долбоорлордун ишке ашырылышын катуу көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле Чүй проспектисинин боюндагы бардык объектилер, анын ичинде Beren Gold имараты да борбор калаанын дизайн-кодуна ылайык келтирилиши керектиги белгиленди.