www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду.

Төрага Марлен Маматалиев соңку жылдары Кыргызстан менен Беларусь Республикасынын ортосунда калыптанган достук жана өнөктөштүк мамилелер жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, айрыкча эки өлкө башчыларынын саясий эркинин аркасында кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн мисал кылды.

«Байланыштарды кеңейтүүдө парламенттик дипломатиянын да ролу чоң. Андыктан, эки тараптуу алакаларды арттыруу үчүн биргелешкен иш-чараларды уюштуруп, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагында да тыгыз иш алып баруубуз кажет», - деди Төрага.

Муну менен катар маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө зарылчылыгына да токтолгон Төрага туризм жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүктөр арбын экенин кошумчалады. Буга жүйө катары Беларусь Республикасынын жарандарын Кыргызстанга келип, эс алып кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Сергей Молунов Төрага Марлен Маматалиевге Беларусь Республикасынын парламентинин кош палатасынын жетекчилери жолдогон куттуктоо каттарынын түп нускасын тапшырды.

Ошондой эле бир жарым жылдык элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында жасап жаткан иштери тууралуу кеңири кеп кылып, Беларусь мамлекети Кыргызстан менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө, айрыкча парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады.

Андан тышкары, тараптар депутаттык достук топторунун ишин күчтөндүрүү тууралуу ой бөлүшүп, анын ролун жогорулатуу боюнча макулдашышты.

Последние новости