www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорттук прокуратура тарабынан Жер үстүндөгү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл жана Нарын аймактык башкармалыктарында текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2025–2026-жылдары юридикалык жактарга таандык чет өлкөлүк жүк ташуучу унаалардын жол кыймылынын эрежелерин бузган фактылары боюнча айып пул салууда мыйзам талаптары одоно бузулганы аныкталган.
Маалыматка ылайык, жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 16 млн 29 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси — «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» боюнча эки кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.