www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге борбордогу балдар үйлөрүнүн биринин күзөтчүсү арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 01:50 чамасында башка балдар үйүнүн жашы жете элек тарбиялануучулары уруксатсыз кирип келип, тартип бузуп, күзөтчүнүн денесине залал келтиришкендиги көрсөтүлгөн.

Аталган факт боюнча Бишкек ш. Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Териштирүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар уч жашы жете элек аныкталып, Свердлов РИИБге жеткирилген. 2008 жылы туулган Р.К., аттуу өспүрүм кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Жашы жете элек кыздар  жана окуяга катышкан жашы жете элек өспүрүмдөр  кайрадан баш калкалоочу жайга жайгаштырылды.

Мындан тышкары, жабырлануучунун алган жаракаттары боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен кошумча юридикалык баа берилет.

Учурда бардык жагдайларды аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылууда. Жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

 

Последние новости