www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Монголиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз борбору билдирди.
Жолугушууда тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Маалыматка ылайык, негизги багыттардын бири — Кыргызстандын ӨКМи менен Монголиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумду практикалык жактан ишке ашырууну улантуу.
Ошондой эле мониторинг жүргүзүү жана калкка эрте эскертүү системалары боюнча маалымат жана заманбап технологиялар менен алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен окуу-көнүгүүлөрдү өткөрүү жана өз ара иш сапарларды уюштуруу маселелери белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга жана эки өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча ведомстволорунун ортосундагы практикалык байланыштарды бекемдөөгө даяр экенин билдиришти.