www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Асан Жанышов Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты.
Бүгүн, 30-сентябрда 87 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан спортчу мелдешти чейрек финалдан баштап, Өзбекстандын өкүлү Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде жеңди.
Жарым финалда Жанышов Казакстандын балбаны Шамиль Ожаев менен беттешип, 6:1 эсебинде жеңишке жетти.
Эми кыргызстандык спортчу алтын медаль үчүн өтө турган финалдык беттеште Япониянын өкүлү Тайзо Ёшида менен күрөшөт.