www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Кубага карата санкцияларды кыйла күчөттү. Бул тууралуу 29-сентябрда АКШнын Каржы министрлиги билдирди.
Жаңы чектөөлөр 30-сентябрдан тарта күчүнө кирет. Алар АКШнын санкциялык тизмесиндеги адамдардын кызыкчылыгында операция жүргүзгөн чет элдик каржы уюмдарына да экинчи деңгээлдеги санкцияларды киргизет. Ошондой эле банктарга кубалык ишкерлердин эсептерин ачууга жана тейлөөгө тыюу салынып, буга чейинки эсептердеги каражаттарды токтоосуз тоңдуруу каралган.
Мындан тышкары, АКШ Кубага байланышкан транзиттик төлөмдөргө чектөө киргизип, кубалык аскердик жана мамлекеттик коопсуздук түзүмдөрүнө көз каранды уюмдар менен түз же кыйыр эсептешүүгө тыюу салды.
Ошондой эле АКШ жарандарынын Кубага кесиптик конференцияларга жана айрым топтук билим берүү сапарларына баруусуна коюлган талаптар күчөтүлдү.