www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 инфекциясы адамдын өпкөсүн гана эмес, бөйрөктүн иштешин да зыянга учуратат. Мындай жыйынтыкка франциялык окумуштуулар келишкендигин чет элдик басылмалары жазып чыгышты.

Изилдөөгө ылайык, коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын дээрлик 80 пайызынын өпкөсүнөн сырткары бөйрөгү да жабыркагандыгы аныкталган. Коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптардын заарасына жасалган анлизден аларда белок, фосфат жана глюкозанын кескин түрдө азайганы байкалган.

"Вирус бөйрөк каналдарынын системинин клеткаларын жабыркатат", - деген эксперттер.

Окумуштуулардын айтымында, бул организмге өтө терс залакасын тийгизет. Бул илдет менен жабыр тарткан адамдарда фосфат заты азайгандыгы үчүн сөөгүнүн бекемдиги жоголуп, буту-колунун сөөктөрү ооруп, мууну алсыздайт. Андан сырткары кандын ашыкча кычкылдануусу чоң көйгөй жаратат. Дагы башка терс факторлоруна заара чыгаруудагы көйгөйлөр, чаңкоо, организмге суюктуктун жетишсиздиги, физикалык жактан алсыздоо кирет. Ал эми америкалык окумуштуулар коронавирус жуктуруп алган адам айыккандан кийин да ден соолугунда көйгөйлөр менен узак убакытка алышууга туура келет деген пикирин айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости