www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын прокурорлору өлкөдө камакка коюлган Гүлнара Каримованын 29 миллион долларлык мүлкү боюнча ишти аяктоо үчүн ал отурган түрмөгө келиши мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Лондон соту 26-июнда Гүлнара Каримованын Улуу Британиядагы 22 миллиона фунттук (дээрлик 29 миллион доллар) мүлкүн камакка коюу чечиминин мөөнөтүн узарткан.

2018-жылы октябрда Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча британ бюросу (Serious Fraud Office – SFO) Гүлнара Каримова менен анын мурдагы күйөөсү Рустам Мадумаровдун өлкөдөгү активдери Өзбекстанда коррупциялык жол менен табылган акчага сатылып алынганын билдирип, мүлктөрүн камакка коюу өтүнүчү менен Улуу Британиянын Жогорку сотуна кайрылган.

Ал мүлктөрдүн арасында Суррей графтыгындагы хансарай жана Лондондун престиждүү райондорундагы эки батири бар. Алардын жалпы баасы 40 миллион фунт стерлингди (52 миллион доллар) түзөт.

Суррей графтыгындагы Gorse Hill Manor деп аталган хансарайды Каримова 2010-жылы 18 миллион фунтка ($23,5 млн) сатып алган. Азыр анын баасы 30 млн фунтов ($39 млн) турат. 1912-жылы курулган хансарайдын аймагында кайык менен сейилдөөгө ылайыкташкан кичинекей көл жана 70 миң чарчы метр аянтта бакчалар бар.

Лондондогу батирлердин бири Мейфэр районунда (баасы 8 млн фунт же 10,4 млн доллар), экинчиси Белгравия районунда (баасы 2 млн фунтов же $2,6 млн доллар) жайгашкан.

Ушу тапта Каримова менен Мадумаров Өзбекстанда жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышат. Мүлктөрүн камакка коюу тууралуу өкүмдүн чыкканына эки жыл болгонуна карабастан, документтерди аларга берүүгө мүмкүн боло элек.

Bloomberg агенттигинин макаласында британ прокурорлорунун Ташкентке сапары коронавирус пандемиясынан улам кечиктирилип жатканы, азыр алар Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын жардамына үмүттөнүп жатышканы жазылган.

Расмий маалыматтарга ылайык, британ бийлиги өз карамагына алууну каалап жаткан кыймылсыз мүлктөр Гүлнара Каримовага, Рустам Мадумаровго, алардын Лондондо жашап жаткан уулу Ислам Каримовго, ошондой эле Британиянын Виргин аралдарында катталган компанияларга таандык.

Британ прокурорлору Каримова 2004-2012-жылдары эл аралык телекоммуникациялык компаниялардан 500 миллион доллар өлчөмүндө пара алган деп шек саноодо. Бул үчүн Каримова ал компанияларга Өзбекстандын телекоммуникациялык рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк берип, акчаны өзүнө жана жакындарына таандык оффшордук компаниялардын эсептерине которгон.

Өткөн жумадагы соттук угууларга Каримованын атынан анын уулу Ислам Каримов катышты. Ал апасы Улуу Британиядагы мүлктөрдү мыйзамдуу жол менен сатып алганын, бирок муну далилдөө үчүн аны менен түздөн-түз байланышуусу керектигин айтты.

Бир нече жыл мурда Өзбекстанда Гүлнара Каримовага каршы акча уурдоо жана салыктан качуу беренелери боюнча эки кылмыш иши козголгон. Анын бул аракеттеринен улам мамлекетке 1 триллион 270 миллиард 200 миллион сум, 1 миллиард 651,8 миллион доллар жана 26,1 миллион евро зыян келтирилгени кабарланган.

Ушу тапта Каримова Ташкент облусунун Зангиата районундагы аялдар абагында камакта отурат. Өзбекстанда быйыл январда Каримовага жана анын өнөктөштөрүнө карата козголгон жаңы кылмыш иши боюнча сотттук угуулар башталган.

Мартта Ташкент шаардык соту Каримованы 13 жыл 4 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Каримовага каршы дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө кылмыш иштери козголгон. АКШ, Швейцария, Швеция, Нидерланд, Франция жана Балтика өлкөлөрүндөгү кылмыш иштеринин алкагында анын кымбат баалуу мүлктөрү жана жүз миллиондогон банк эсептери камакка коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости