www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандын Карачи шаарында согушкерлер фондулук биржага чабуул коюшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, төрт жоочу жок кылынды. Куралдуу топ дүйшөмбүдө эртең менен машине менен имараттын жанына келип, кире беришке граната ыргыткандан кийин туш келди аткылап, биржага кирип барууга аракеттенишкен.

Азырынча канча киши кол салганы так айтыла элек. Карачи шаарынын полициясы имараттын коопуздугун камсыздаган эки кызматкер жана бир тартип коргоочу окко учканын маалымдады. Кырдаал көзөмөлгө алынганы, биржанын кызматкерлери жабыркабаганы кабарланууда.

Шаардын финансылык районунда орун алган имаратта ошондой эле Пакистандык мамлекеттик банкы жана эл аралык каржы институттарынын өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Чабуул үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости