www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулунун тигүү өнөр жайынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМнин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомунун алкагында 2026-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасында визага, ишке орношуу үчүн бирдиктүү уруксатка жана резидент-картага карата жаңы талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын болушун жөнгө салуучу учурдагы механизмдер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Бирдиктүү уруксатты жана визаларды тариздөө тартибине, анын ичинде мөөнөттөргө жана тарифтерге, ошондой эле зарыл болгон документтердин тизмегине тиешелүү жаңы өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, жаңы талаптарды практикалык жактан ишке ашыруу боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болуп, тигүү өнөр жайынын өкүлдөрү жана кызыкдар уюмдар арасында кеңири маалымат жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.