www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Төрага Алай районунун инвестициялык потенциалын пайдалануу менен аймакты туруктуу өнүктүрүү максатында уюштурулган бизнес-форумга катышты.

Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, инвесторлор жана ишкерлер катышкан иш-чарада бир катар бизнес долбоорлор тааныштырылып, атайын павильон көргөзмөлөр тартууланды. Мындан тышкары, ар кандай каржы уюмдарынын, анын ичинен Орус-Кыргыз, Венгер-Кыргыз, Азербайжан-Кыргыз, Өзбек-Кыргыз өнүгүү фонддорунун башчылары, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси, «Жаңы Жибек Жолу» юридикалык жактар ассоциациясынын,  «Тянь-Шань Форел» жана «Дем-Ал» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун өкүлдөрү болду. 

Алгач Төрага павильондорду аралап көрүп, айрым фонддорду жергиликтүү ишкерлерди колдоо багытында каржылык көмөк көрсөтүүгө чакырды. Ошону менен катар кышкы туризмди өнүктүрүү багытындагы сунуш-пикирлерин айтты. 

Форумда сөз сүйлөгөн Төрага уюштурулган иш-чара жөн гана талкуу аянтчасы эмес экенин белгилеп: «Бул Алай районунун келечегин аныктоочу, аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытуучу, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүчү жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө боло турган олуттуу форум болуп саналат», – деди. 

Муну менен катар Алай районунда туризм, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика, соода-логистика жана экологиялык таза өндүрүш багыттары боюнча кеңири потенциал бар экенин айткан Марлен Маматалиев негизги үч багытка токтолду. 

«Бал, балык жана эт өндүрүшүн өнүктүрүү, туризм тармагын жаңы деңгээлге чыгаруу жана кичи ГЭСтерди куруу аркылуу Алай району экономикалык өсүштүн күчтүү борборуна айлана алат. Бизге эми жөн гана сүйлөшүүлөр эмес, реалдуу инвестициялар, жаңы ишканалар, жаңы жумуш орундары жана элдин жашоо сапатын жакшырта турган конкреттүү долбоорлор керек», – деген Төрага пилоттук негизде сунушталып жаткан аарычылык чарбасы тууралуу маалымат берди. 

«Жакында пилоттук долбоор киргизип жатабыз. Тагыраагы, ар бир айылдан он чакты катышуучуну аныктап, аларга жеңилдетилген шартта он-он беш бал челеги бардык керектүү жабдуулары менен берилет. Андан соң жыл бою бал өндүрүшүнө тиешелүү адистер дыйкандар менен бирге жүрүп, алардын тажрыйбасын арттырууга көмөктөшөт. Кошо карашып, бардыгын ийни-жибине чейин үйрөтөт», – деди Марлен Маматалиев. 

Ошондой эле өлкөдө ишкерлерди колдоо, административдик тоскоолдуктарды азайтуу, салык системасын жөнөкөйлөтүү жана инвесторлордун укугун коргоо максатында олуттуу реформалар жүргүзүлүп жатканына токтолгон Марлен Маматалиев: «Соңку беш жыл аралыгында Президентибиз Садыр Жапаровдун талыкпаган аракетинин аркасында ири реформалар жүргүзүлүп, өлкөдөгү туруктуулук өнүгүп-өсүүгө бекем өбөлгө түздү. Алсак, 2020-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы 8,3 миллиард доллар гана болсо, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 22,6 миллиард доллардан ашты. Тактап айтканда, экономиканын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйдү», – деди. 

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында бир катар социалдык мекемелердин абалынан кабар алды. Тагыраагы, Төрага №4 Кыдырмамат уулу Абдыразак атындагы жатак мектебин, № 34 Амат Жээнбеков атындагы орто мектептин жана №16 К.Даутов атындагы билим берүү мекемесин көрүп, Гежиге айылындагы туристтик долбоорлор менен таанышты. 

Андан соң Ак-Жай айылындагы Маданият үйүндө жергиликтүү эл менен жолугушуп, калктын көйгөйлөрүн укту. Анда негизинен социалдык-инфраструктуралык маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү багытындагы сунуш-пикирлер айтылды.

Эскерте кетсек, Төраганы депутаттар Улан Примов, Таалайбек Сарыбашов, Нуржамал Төрөбекова, Бекмурза Эргешов, Салтанат Аманова жана Улукбек Карыбек уулу коштоп барды. 

Последние новости