www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор районунун жетекчилиги «Сал Эм» асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапарга Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баялы Досалиев, акимдин орун басары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Элчибаев жана ветеринардык башкармалыктын жетекчиси Темирлан Мураталиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө чарбанын учурдагы абалы, малды багуу шарттары, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана эт багытындагы бодо малдын санын көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Маалыматка ылайык, учурда «Сал Эм» чарбасында Абердин-ангус породасындагы 116 баш бодо мал бар. Алардын ичинен 76сы уй, 2си бука жана 38и музоо.

Чарба райондо асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө жана жогорку өндүрүмдүү малдын санын көбөйтүүгө багытталган иштерди жүргүзүүдө.

Иш сапардын жыйынтыгында чарбанын ишин мындан ары өнүктүрүү, асыл тукум малдын санын арттыруу жана мамлекеттик колдоо механизмдерин натыйжалуу пайдалануу боюнча пикир алышуу болду.

Последние новости