www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларусь Украина менен чектеш аймакта жаңы десанттык-чабуул бригадасын түзүүдө.
Бул тууралуу Беларустун Куралдуу күчтөрүнүн Атайын операциялар күчтөрүнүн командачысы Александр Ильюкевич «ВоенТВ» телеканалына берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, жаңы бригаданын курамында бир батальон буга чейин түзүлгөн. Ал эми 2026-жылы дагы бир батальонду, ошондой эле согуштук камсыздоо, артиллериялык, зениттик-ракеталык жана чалгындоо бөлүктөрүн түзүү пландалууда.
Маалыматтарга ылайык, жаңы аскердик бөлүк Гомель шаарына жакын жерде, Украина менен чек арадан болжол менен 40 чакырым аралыкта жайгашат.
Ошол эле учурда, июль айында Беларустун коргоо министри Виктор Хренин Украина менен чек арада коргонуу чептери курулуп жатат деген маалыматтарды четке каккан.
Анын айтымында, мындай билдирүүлөр Беларусь менен Украинанын коомчулугунда чыңалууну жаратууга багытталган маалыматтык согуштун бир бөлүгү болуп саналат.
Буга чейин Виктор Хренин беларус аскерлери чек арада Украина тарабынан кол салууга даярдык көрүлүп жатканын көрсөткөн эч кандай белгилерди байкабаганын да билдирген.