www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкордо 30,5 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды

Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чолпон айыл аймагына караштуу «Эрсары-Шайтан-Кашар» участогундагы 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси 1996-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке дыйкан чарбасына 99 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилип кеткендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жана соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында аталган жер тилкесин пайдаланууга берүүгө байланыштуу укук аныктоочу актылар жараксыз деп табылып, базар баасы 30 миллион 500 миң сомду түзгөн 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси Чолпон айыл аймагынын муниципалдык менчигине кайтарылды.

Последние новости