www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын азыркы премьер-министри Никол Пашиняндын партиясы парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, өкмөттү жалгыз өзү курайт. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыктарды чыгарды.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн парламентине үч саясий күч өтөт: премьер-министр Никол Пашиняндын «Жарандык келишим» партиясы, ошондой эле, орусиячыл эки партия — миллиардер Самвел Карапетяндын «Күчтүү Армения» партиясы менен экс-президент Роберт Кочаряндын «Армения» блогу. Бул тууралуу Еревандагы маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ваагн Овакимян билдиргенин «Deutsche Welle» жазды.

БШКнын маалыматы боюнча, «Жарандык келишим» үчүн шайлоочулардын 49,75%ы добуш берип, бул партияга 64 мандат алып келди, «Күчтүү Армения» — 23,27% (29 мандат), «Армения» блогу үчүн -— 9,92% (12 мандат).

«Ошентип, Пашиняндын партиясы жаңы өкмөттү жалгыз өзү түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду», - деп жазат «Deutsche Welle».

Армениядагы парламенттик шайлоо 7-июнда өтүп, ага 16 партия жана эки блок катышкан. Оппозициялык саясатчылар добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы чыгууга аракет кылышкан. Жыйынтыгында шайлоо комиссиясы 637 шайлоо участкасында добуштарды кайра санап чыккан.

Последние новости