www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин айым менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында Кыргызстанда өтө турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш-чараларга даярдык көрүү маселелерине бурулду.

Тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо жана эки өлкөнүн ортосундагы негизги багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын элчиси Лю Цзянпин Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, бул окуянын өлкөнүн тышкы саясаты үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде министр Жээнбек Кулубаев ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Коопсуздук Кеңешиндеги ишмердүүлүк аркылуу глобалдык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого салым кошууга даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана пландалган көп тараптуу иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн тыгыз диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Последние новости