www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы жана баалардын өсүшү өкмөттүн күн тартибинде кайрадан каралды. Бийлик өлкөдө бензиндин эки айлык кору бар экенин айтып, жаңы жеткирүүлөр боюнча аракеттер жүрүп жатканын билдирүүдө.
Бирок кырдаал өлкөнүн күйүүчү май боюнча Орусияга өтө көз каранды экенин дагы бир ирет көрсөттү. Жалпы керектөөнүн 95 пайызы бир гана өлкөдөн импорттолгону энергетикалык коопсуздуктагы алсыздыкты ачыктады.
Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго байланыштуу көйгөйлөр Кыргызстандагы бааларга жана камсыздоого түз таасир этти. Ушундан улам Кыргызстанда бензиндин, солярканын баасы көтөрүлүп, айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин менен солярка жок болуп жатат. Бул окуя өлкөгө күйүүчү майдын альтернативдүү булактарын көбөйтүү жана стратегиялык запастарды күчөтүү зарылдыгын көрсөттү.
Өкмөт убактылуу чараларды көрүп жатканы менен, негизги маселе — күйүүчү май рыногун диверсификациялоо жана тышкы көз карандылыкты азайтуу бойдон калууда.