www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда Мамлекеттик думага шайлоодо күтүлгөндөй эле «Бирдиктүү Орусия» («Единая Россия») жеңишке жетүүдө. Мындай алдын ала жыйынтыктарды БШК маалымдайт.
Бийлик партиясы протоколдордун 70 пайыздан ашыгы иштелип чыккандан кийин шайлоочулардын 57,53 пайыз добушун алууда.
Андан кийин КПРФ — 14 пайыз, ЛДПР — 8,73 пайыз, «Жаңы адамдар» («Новые люди») — 7,97 пайыз жана «Калыс Орусия» («Справедливая Россия») — 5,03 пайыз добуш менен келе жатат. Жаңы эрежелерге ылайык, шайлоо үч күнгө созулду. Федералдык округ боюнча ага 10 саясий партия катышты. «Яблоко» саясий уюму парламентке талапкерлигин көрсөтүү укугунан ажыратылган.
Орусия жарандары Мамлекеттик думанын 450 депутатын шайлашты: алардын тең жарымы — партиялык тизме боюнча, экинчи жарымы — бир мандаттуу округдар боюнча. Мамлекеттик думага шайлоодо биринчи жолу 2022-жылы Орусиянын курамына киргизилген ДНР, ЛНР, Запорожье жана Херсон облустарынын тургундары добуш беришти. Тизме боюнча добуш берүү бюллетенине ошондой эле «Түз демократия партиясы», «Жашылдар», «Родина», «Пенсионерлер партиясы», «Орусия коммунисттери» киргизилген.