www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кипрдин борбору Никосия шаарындагы супермаркеттердин биринде 22 жаштагы Жанерке Абдразаковага бычак менен кол салуу болду.

Маалыматка ылайык, окуя 3-августта Ташкынкөй районунда жайгашкан Metropol Market дүкөнүндө болгон. Кол салуудан жабыркаган кыз Казакстанда төрөлгөнү менен учурда Кыргызстандын жараны экени айтылды.

Кипр полициясынын маалыматына караганда, шектүү кол салуудан кийин өзүнө да бычак сайган. Натыйжада экөө тең ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер жабырлануучунун абалын оор деп баалоодо. Кол салууга шектелген адамдын өздүгү жана окуянын себептери азырынча расмий түрдө тактала элек. Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары шектүү Түркмөнстандын жараны болушу мүмкүн экенин жазышууда.

Учурда Кипрдин укук коргоо органдары бул фактыны адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча иликтеп жатат. Окуянын бардык жагдайлары аныкталууда.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча аталган жаран Ж. Ага операция жасалды. 

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укук коргоо органдары менен биргеликте окуянын жагдайларын тактап, жабырлануучуга зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

Учурда жергиликтүү укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатат. Элчилик жабырлануучунун жакындары менен туруктуу байланышта экени маалымдалды.

Тышкы иштер министрлиги бул окуя министрликтин жана элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи. 

Последние новости