www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Каракол токой чарбасында текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктады.
Текшерүүнүн жыйынтыгында туристтик-рекреациялык багытта иш алып барган ижарачылар келишимдик милдеттенмелерин аткарбаганы белгилүү болуп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тогуз административдик протокол түзүлдү.
Ошондой эле токойду коргоо жана жакшыртуу боюнча талаптарды бузган Каракол токой чарбасынын үч кызматкерине административдик чаралар көрүлүп, жалпы 62 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, Жергез токой бөлүмүнүн №2 кыдырмасында Тянь-Шань карагайынын мыйзамсыз кыйылган 42 дүмүрү табылган.
Анын ичинен 14ү өсүп турган карагайлар болсо, 28и шамалдан кулаган дарактар экени аныкталган.
Өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян 83 миң 262 сомду түзүп, мыйзамсыз ташылып кеткен жыгачтын көлөмү 18,02 куб метрге жеткен.
Инспекторлор токой чарбасынын кызматкерлерине №2 кыдырманын аймагында мыйзамсыз кыюу фактыларын аныктоо жана алдын алуу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөрдү беришти.
Учурда аталган факты боюнча топтолгон материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.