www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-августта Кара-Суу районунда билим берүү кызматкерлеринин «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аталышындагы август педагогикалык кеңешмеси өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлай Машрапова, Алишер Козуев жана Илимбек Кубанычбеков, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев, билим берүү тармагынын жетекчилери, ардагерлер, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты.

Кеңешмеде жаңы окуу жылына карата билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу багыттар, алдыдагы милдеттер жана мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар мугалимдерге билим берүү тармагына жана коомдук иштерге кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Ошондой эле билим берүү мекемелерине интерактивдүү доскалар берилип, мугалимдерге планшеттер, акчалай сыйлыктар жана башка белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, депутат Алишер Козуев өз үй-бүлөсүнүн атынан 2026-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Ош облусу жана Кара-Суу району боюнча жалгыз «Алтын сертификатка» ээ болгон окуучу Жуматаева Гүлпериге автоунаа белек кылды.

Депутаттар билим берүү тармагындагы жетишкендиктерди белгилеп, мугалимдердин эмгегин жогору баалоо жана жаштардын сапаттуу билим алуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтүү маанилүү экенин белгилешти.

Последние новости