www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарында мамлекеттик маанидеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун расмий ачылыш аземи өтүп жатат.

Учурда жаңы комплекске ардактуу коноктор чогулуп, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун келишин күтүшүүдө. Мамлекет башчысы объектти расмий ачып, символикалык тасманы кесери күтүлүүдө.

Аземге Кыргызстандын ардактуу жарандары, аксакалдар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, учурдагы жана мурдагы жетекчилер, коомдук жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү, ишкерлер, дипломаттар, элчилер жана башка чакырылган коноктор катышууда.

«Ырыс Ордо» эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды, сүйлөшүүлөрдү жана жогорку деңгээлдеги башка иш-чараларды өткөрүүгө арналган мамлекеттик маанидеги жаңы комплекс болуп саналат.

Комплекс 14,7 гектар аянтты ээлейт. Анын курамына борбордук имарат жана расмий делегациялардын башчылары менен жогорку даражалуу коноктор үчүн сегиз конок үйү кирет.

Борбордук имаратта 1238 орундуу «Курултай» конференц-залы, 1000 адамга ылайыкталган банкеттик зал, 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө арналган бөлмөлөр жайгашкан.

Учурда коноктор өз орундарын ээлеп, «Ырыс Ордонун» мамлекет башчысы тарабынан расмий ачылышына даярдыктар уланууда.

Последние новости