www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Канада менен Европа өлкөлөрү жакынкы эки жыл ичинде коргонуу муктаждыктарына кошумча 250 миллиард доллар жумшайт.
Бул тууралуу НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте билдирди.
Анын айтымында, Европа өлкөлөрү аскердик мүмкүнчүлүктөрүн тездик менен чыңдап жатышат.
«Жакынкы эки жылдын ичинде Канада жана Европа тарабынан коргонуу тармагына кошумча 250 миллиард доллар бөлүнөт», — деди ал The Wall Street Journal басылмасына берген маегинде.
Рюттенин айтымында, 7–8-июлда Анкарада өтө турган Түндүк Атлантика альянсынын саммитинин негизги темасы бир жыл мурда берилген убадаларды ишке ашыруу болот.
«Бир жыл мурда Гаагадагы саммит убадаларга арналган. Ал эми бул жолку саммит ошол убадалардын аткарылышына — каржылоого, коргонуу өнөр жайынын өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө жана Украинага көрсөтүлүп жаткан колдоого арналат», — деп белгиледи НАТОнун башкы катчысы.