www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук кайра жаралуу жана учур талабы
Өз элинди, өз жериңди, өз тилиңди бил, өз ата салтынды үйрөн жана аны көздүн карегиндей сакта! Ал сенин көрөр күнүң жана ичер сууң. К.Тыныстанов
Кыргыздар –өзүнүн дүйнө таанымы, философиясы, тарыхы, маданияты, каада-салты, керемет тили, кайталангыс дөөлөт мурастары, таза дили, аруу жан дүйнөсү менен айрымаланган; адамгерчиликти, акыйкаттыкты, калыстыкты, адептүүлүктү, абийирди, ар намысты ыйык туткан; кубаттуу империя курган; эзелтен жазуу маданиятына ээ, эркин коому, нарктуу демократиясы болгон; өзүнө гана таандык көчмөн цивлизациясын түзгөн жана өнүктүргөн Евроазия мейкиндигинде ат ойноткон баатыр мүнөз, айкөл эл болгон.
Элди башка этностордон айырмалап турган өзгөчөлүгү, анын басып өткөн жолу тарыхы, илимий, маданий жетишкендиктери менен бааланат. Өткөн доорлордогу шумер, сак, гунн, усун, көк түрк, туран, огуз, карлук, караханиддер, кечээки эле Кокон хандыгында кыргыздын өз ордү, өз жүзү бар экендигин тарых, тил жана кан боюнча изилдеген генология илимдери, ага кошумча элдик санжыра айныксыз далилдеди.
Ушундай адамзат тарыхында таасын изин калтырган кыргыз эли эгемендикке жетишкени эмне үчүн көйгөйлөрдөн кутула албай келет. Оорунун диагнозу туура коюлбаса, дарылоо мүмкүн эместей эле, проблеманын себептерин туура аныктап, ага каршы чаралар убагында көрүлбөсө өтүшүп кеткенден кийин кеч болуп калат. Биз коомдогу көйгөйлөрдү чечүүдө- кризистин себептери менен күрөшпөй, натыйжалары менен алпурушуудабыз. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери “немиске даары оруска уу” дегендей ата жолунан алыстап, сырттан таңууланган “ачык либералдык- демократиялык коом”- аталган жолго түшүп , чейрээк кылым чайналдык. Диний агымдардын келгенин ылгабай каттай берүү, бир кыргыз элин ишенимдер боюнча бөлдү. Көп партиялуулук система кыргыз табияты менен тил табышпай келүүдө. Жерди жеке менчикке чыгаруу, жер –суу байлыктарын мамлекеттен-элден алыстатты. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө укугубуздан пайдалынып, өнөр жай товарларын мындай койгондо да “таза экологиялык аймакта өндүрүлгөн” деген бренд менен азык-түлүк, жер-жемиштерди, таза сууну дүйнөлүк рынокко алып чыга алган жокпуз. Билим -тарбия ишинде этнопедагогиканын табылгалары эске алынбай жатышы бүгүнкү өксүк бойдон калууда. Жиликкен массалык маданият кыргыздын улуттук кулк мүнөзүнө ылаң катары жабышты. “Адам укугу”- деген вирус, улут укугунан жогору чыгып алды.
Сырткы күчтөрдүн таасири менен жолдон тайдыруу саясатынын “үзүрү” ушул болду уят-намысыбыз жукарып, акты сатпаган алпейим таза улуттук менталлитетибизге доо кетип, эгерим кайырчы болбогон кыргызда селсаяктар пайда болду. Өз канынан жаралган балдарын саткан ата-энелер чыкты. Жакын туугандар мүлк талашып соттошууда. Руханий байлыктын ордун, материалдык байлык ээледи. Жаш балдардын үстүнөн зордук-зомбулуктар болууда. Кыргыз кыздары чет өлкөлүктөргө массалык чыгууда, башка улуттардан төрөлгөн жээндер көбөйүп, тукум бузулууда.Туура эмес жүргүзүлгөн саясат кыргыз элинин кызыкчылыгына кайчы келген ички-сырткы миграцияны күчөтүп, мамлекеттик коопсуздукка кооптуу кырдаал жаратууда.
Ооба, кыргыз элинин табиятына, кулк мүнөзүнө, менталитетине, салтына туура келбеген бөтөн жол бизге бакыт-таалай алып келбесин кеч да болсо түшүнүп, айкөлдүккө, аруулукка, адилеттикке, нарктуулукка негизделген өзүбүздүн төтө багытыбызга кайтып, өнүгүүнүн кыргыз жолуна түшүү процесси ыкчамдай баштады. Азыр биздеги чоң олжо- элибиз, жерибиз, мамлекетибиз бар! Болгону бир идеологиянын негизинде бир максатты көздөп, бабалар мурасын сактап, ынтымак -биримдикти күчөтүү аркылуу мамлекеттүүлүктү бекемдөө зарыл.
Мамлекет кам көрө турган орчундуу маселелердин бири – мектеп жашындагыларга тегиз билим-тарбия бериш. Азыр тигил же бул себептен улам мектепке барбай калган балдардын саны жылдан-жылга өсүп жатат, орто билим албай туруп диний агымдарга агылуу күчөдү. Мунун арты караңгылыкка алып барат. Мектеп жашындагы балдар-кыздардын арасында ар кандай кагылыштар чыгып, жеткинчектердин өмүрүнүн кыйылышына чейин жетип жатышы - таалим-тарбия ишинин туура жолго коюлбаганын белгиси.
Жазалоодон алдын тарбиялоого маани берүү керек. Кыргызда милиция, прокурор, сот, түрмө деген болгон эмес. Ошол эле мезгилде терсаяктарын теске салууда элдик эрежелер болгон.Тогуздап кун төлөтүү, чектен ашкандарды ташбараңга алуу, элден бөлүп салуу, жеңил болсо уяткаруу дегендей. Соц фонд, социалдык өнүгүү министрликтери жок эле кары-картаң, багар-көгөрү жокторго кам көрүүнүн эң сонун үлгүлөрү болгон. Азыр да өткөндүн жакшы жактарын эл башкарууда, мыйзамдарды кабыл алууда заманбап кайра иштеп чыгып колонуу зарыл
Элибиздин акыл казынасынан жаралган – «адам бол, түз жүр, ата-энени урматта, пейилиңди тарытпа, мекенди, элди сүй, ушак айтпа, уурулук кылба, салтты сакта, элдин акын жебе, калп айтпа, ак сүйлө, кеңге кең, тарга тар дүйнө, улууну сыйла, кичүүнү ызаатта, атаңа наалат келтирбе, уяттуу- адептүү бол, сууга түкүрбө, нанды тебелебе, атанын салган жолу бар, эненин бычкан тону бар, түркөй болбо, билим ал, кыздуу үйдө кыл жатпайт, оомат оошот, билим жугушат, эрди намыс өлтүрөт, өнөрлүү өлбөйт, тегиңди бил, атанын уулу бол», – деген сыяктуу не бир асыл баа даанышман ойлор келечекке шам чырак болуп берет.
Бул элдик моралдык нарктар жана идеалдар универсалдуу, жалпы адамзаттык мааниге ээ. Ушул адеп-ахлак нарктары кечээки ата-бабаларыбыздын жүрүм-турумунун руханий жөндөгүч мамысы болуп келген жана тарыхтын «аяздуу бороон-чапкындарында» элибизди аман-эсен сактаган башкы тиректерден болгон. Бүгүн да ушул түбөлүктүү мүнөздөгү руханий-ыймандык дөөлөттөр таалим-тарбиянын мазмуну үчүн табылгыс көрөңгө, көөнөргүз мурас.
Мыйзамдарды мындай койгондо да, Баш мыйзамдын кайсы беренесинде эмне жазылгандыгын бары эле биле бербейт. Ал эми кылымдарды карытып, доорлордун ар кандай капшабынан аман алып өтүүдө карманар мамы, тайгак кечүү, тар жолдо тирек болгон кыргыз элинин төмөнкү турмуштук жазылбаган беренелери улуттук ынтымак-биримдикти бекемдөөдө, идеологияны түптөөдө, мамлекеттүүлүктү сактоодо зор мааниси бар асыл баалуулуктары катары эч качан маанисин жоготпойт!
1.Элдүүлүк маселеси:
Кыргызда жеке адамга караганда элдин жолу улуу! Керек болсо “Хандын башы элге көпүрө”-дейт кыргыз. -Ар качандан бир качан жанды бакпай элди бак- деп элдин кызыкчылыгын жогору коюп, улам кийинки муундарын тарбиялап келген."Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок!" . "Элден чыкпа, элдин акысын жебе, атаңа наалат келтирбе"-деген сөздөрдө мааниси терең нускалуу ойлор катылган. Ар кандай кырдаалдарда чачырап кетпестен, элдик кызыкчылыктын тегерегинде бир муштумдай бирип кете алган жакшы касиети- кыргызды түрдүү капсалаңдардан сактап келди.Азыр да биз тирешүүнү токтотуп, Кыргыз мамлекетин бекемдөө максатынын тегерегинде биригишибиз керек!
2.Баарын коюп Манасты айт!
Кыргыздын түбөлүктүүлүгүнүн сыры Манаста! Манас чалкыган мухит, анда кыргыздын тарыхы, философиясы, маданияты, таалим-тарбиясы бир сөз менен айтканда бүтүндөй энциклопедиясы десек жарашат! Элди коргоонун, мекенди көздүн карегиндей сактоонун үлгүсү да Манаста! Эл башындагы адамдардын ишмердүүлүгүнө баа берүү эң оболу мекендин чегин кемитпей, кеңейткендиги менен бааланган."Туулган жердин топурагы алтын" -деп мекен үчүн ар бир кыргыз жанын берүүгө даяр болгон. Айкөл Манастын улуулугу-чачылган элдин башын бириктирип, мекендин чегин кеңейткендигинде. Биригип ынтымакка келген эл, кийин империяларды курууга жетишкен.
Манас -байыркы санскрит тилинен алып чечмелегенде чексиз ойдун, ченемсиз күчү катары жогорку акыл-эс, адеп-касиетке ширетилген күч- кубат катары адамзаттык мааниси ачыкталат.
3. Ар-намысты туу тутуу!
Бул кенен түшүнүктү камтыган ар бир адамдын, үй бүлөнүн, жамааттын, туугандардын, аймактын жана да жалпы эле элдин ариет-намысы менен байланышкан эң ыйык, улуттук-мекенчилдик сезим. Улуттук ар-намыс болгон жерде элдин духу, деми өчпөйт. Бул асыл мүдөө “Уят” маселеси менен өтө тыкыс байланышта.”Коенду камыш, эрди намыс өлтүрөт”. Ариет-намыс маселеси - ар бир адамдын жаралгандагы озуйпасы, үй бүлө, эл, мекен, мамлекет алдындагы атуулдук сүйүүсү, жоопкерчилиги жөнүндөгү түптүү түшүнүктөр менен терең айкалышат. Жоокердик замандарда “баатыр намыс үчүн төрөлүп, намыс үчүн өлсө,” азыркы дүйнөлөшүү заманында интеллектуал жоокерлер талап кылынууда. Кыргыз элинин түшүнүгүндө намыс жана ариеттин кунар баасы адам өмүрүнөн кымбат бааланат.
4. Акыйкаттык, адилеттик, калыстык!
Булар коом менен жеке адамдын ортосундагы карым катышты камсыздап турган түбөлүктүү таяныч-устундар. Адилеттик -турмуш туткасы. Эки революцияда эл эң оболу адилеттик үчүн чыкты.”Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок”.”Кара кылды как жарган калыс бол”-дейт ата бабалардын алтынга алмашкыс насаат кеби. Коомдо акыйкаттык, адилеттик, калыстык сакталбаса ырааттуулукка доо кетип, көч бузулат. Ошондуктан, биздин алдыбызда адилет коомду куруу милдети турат!
5. “Ырыс алды –ынтымак” даанышмандыгы.
Бакыт башаты-биримдикте, ийгилик сыры-ынтымакта экенин жакшы түшүнүшкөн кыргыздар бири биринин абалын, муктаждыгын, бир максатка умтулууларын атайын айттырбай, эле мүдөө-тилектерди абдан мыкты түшүнө билгендиктен, “Жабыла көтөргөн жүк жеңил”дешип, заматта бир муштумдай бириге калышып, ар кандай сыноолорду ынтымак менен жеңишкен. Бир багыттуу кыймыл-аракетке өтүү, түпкү максатка жетүү -кепке келүүдөн башталып, кеңешүүлөр, түшүнүшүүлөр аркылуу ийгиликтүү ишке ашырылган. Чыныгы ынтымак-биримдикке келүү үчүн багыт, максат жана карманган баалуулуктар бирдей болгондо ар ким ар тарапка тартпай бир багыттуу өнүгүүгө жол ачылат.
6. Адамдык сапат, сыпат жана сый-урмат.
Азыркыча илимий тилде алганда “Этика” деп аталган, адамдык сапат жана сыпатты аныктаган, жан дүйнө ажарын ачкан асылдык. Адамдык парасаттан, адеп-ыймандан келип чыккан “Улууга -урмат, кичүүгө -ызат”түшүнүгү сый мамилени жаратып, ийгиликтин ачкычы болуп келген. Адамдагы чексиз мүмкүнчүлүктөр, руханий негиздеги адамгерчилик сапаттар тогошуп келип, кыргыздын Айкөлдүк түшүнүгүнө уюган. Сый-урмат жана сыпат маселеси элдин пейили менен байланышкан көрүнүш. Адамдык мамиле майдадан башталып, бирок да маанилүү иштерди бүтүрүүгө жөндөмдүү улуу күч экендигин кыргыздар жакшы түшүнгөн.
7. Ак эмгек, маңдай тер менен жашоо!
Адам баласынын татыктуу жашоо-турмушу, жыргалчылыгы ак эмгекке байланыштуу.”Эмгегиң катуу болсо, татканың таттуу болот.” “Эр эмгегин жер жебейт”. Маңдай тер менен табылган илимий, руханий, материалдык байлыктар- жугумдуу да, татымдуу да болот. Учурда ак эмгек аркылуу акыбетке жетүү үчүн терең билимге ээ болуу, кесипкөйлүк жана чеберчилик заман талабына айланды.
8. “Бата менен эл көгөрөт”...адал-арам, убал-сооп түшүнүктөрү.
Бардык жакшы иштерди кыргыздар бата менен баштаган.”Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт”. Баардык жандуу-жансызга тегиз мамиле, жардыга жардамдашуу, бей-бечараны колдоо, алсызды коргоо, элдин керегине жароо аркылуу адал –арамды, ак-караны, убал-соопту таасын ажырата билүү сырттандыктын, улуулуктун белгиси катары бааланат.
9. Улуулукка умтулуу...”Жакшыга жанаш, жамандан адаш.”
“Бир кумалак бир карын майды чиритет.” –дешип кыргыздар өздөрү жашаган коомду алпейим таза сактоого дилгир болушкан. “Эки адамдын достугу эгиз, эки элдин достугу деңиз”-дешип жанаша жашаган элдер менен ачык айрым алакада өмүр кечиришкен. Кыргыз турмушунда үй бүлөнүн жана жамааттын ролу өзгөчө болгондуктан, жолу улуулук философиясына ылайык, кичүү-орто-улуу муундун ортосунда бекем үзүлгүс байланыш сакталып, элдик таалим тарбиянын мектеби болгон.”Караңгыда көз тапкан, Капилеттен сөз тапкан,” улуу муундун Бакай бабадай билги, даанышман, көсөм аксакалдары жол көрсөтүшкөн. Терс сапаттардан оолак болууга, жамандан адашып, жакшыга жанашууга, кең пейилдикке, адам болууга, улуулукка умтулууга үндөшкөн.
- Жол багытыбыз “Көч бара бара түзөлөт” –деген кыттай уюган бир ооз сөздө катылган. Кут даарыган айкөлдуктүн даңгыр жолу-Кыргыз философиясынын түбүн тереңдетип, чабытын кеңейтип турат. Өзүбуздүн улуттук жолубузга эртерээк түшуп, коом түзүү жана эл башкаруу тажырыйбабызды заманбап иштеп чыгып, жалпы адамзаттык илимий-техникалык, руханий-материалдык жетишкендиктердин үлгүлөрүнүн бизге ылайыктуусун гана ыктуу пайдалануу түпкү максатка төп келет.
Айтылгандарды эске алуу менен көчтү түздөө үчүн
кандай кадамдар керек?
1.“Жолунан адашкан эл мыйзамдарын оңдой берет”-деп аалымдар айткандай отуз жылга жетпеген убакыттын ичинде Конституциябызды тогуз жолу оңдодук, бирок али да туура жолго чыга элекпиз. Президент С.Ш.Жээнбеков айткан “Кыргыз көчү жолун улайт!”, “Мен бир партияга эмес, жалпы элге таянам!”-деген сөздөрдү турмушка батыл ишке ашыруу үчүн азыркы колдонуудагы батышчыл Баш мыйзамды улуттук баалуулуктардын негизинде жаңылоо талап кылынууда. Бул жолу эл менен кеңешпей чакан топ өз кызыкчылыгына ылайыктап чүргөй салуусуна жол бербөө үчүн илимге жана турмуштук тажрыйбаларга таянып, ар тармактын адистери даярдаган долбоор бир жыл ичинде элдик талкуудан өткөрүлгөндөн кийин гана кабыл алынуусу зарыл. Жаңы Конституцияда Элдик Курултай институту өз ыйгарым укуктары менен өзүнчө бап болуп киргени максатка ылайыктуу.Бул ишти “шашпай- шашып” бүтүрбөсө болбойт, анткени 2020-жылдагы ЖКнын депутаттарын шайлоо жаңы тартип менен өткөрүлгөнү өзгөчө маанилүү.
2. Экономиканын бардык тармагын көтөрүүдө мамлекеттик мүлктөрдү, жер-суу байлыктарын инвентаризациядан өткөрүү менен, киреше берүүчү стратегиялык тармактарды улутташтырып, аларды сарамжалдуу пайдалануунун жаңы Концепциясын иштеп чыгып, турмушка ашыруу зарыл. Урдап-тонолгон мамлекеттик байлыкты бюджетке кайтаруу үчүн белгилүү мөөнөт чектелип, кайтаргандарга айрым жеңилдикер берилип, кайтарбагандарга аяоосуз жаза колдонууну коомчулук туура талап кылууда. Өндүрүшкө, илимий-техинкалык прогресске, ойлоп табуучулукка, жашоо- турмушту жеңилдетүүчү жаратман жагдайларга маани берилип, элди жумуш орундары менен камсыздоого басым жасалбаса, улуттук деградацияга жол ачылып, мамлекеттик коопсуздукка шек кетүүдө.
3.Элдүүлүктү сактаган улуттук өзгөчөлүктүн түптүү баалуулуктарын (тарых, дүйнөтааным, маданият, тил, Манас, каада-салт, өнөр ж.б.) бекем кармануу-кубаттуу мамлекетке айлануунун негизги шарты болуп калмакчы. (“Бөлөк элдин эрежеси менен жашаган эл өнүкпөйт” Л.Гумилев)
4.Мамлекеттик идеологиялык иштерди ыраатка салууда илим, билим, маданиятка маани берүү жагы талаптагыдай болбой жатат. КРнын билим берүү стандарттын илимий педагогика менен элдик таалим-тарбиянын үлгүлөрүн ийкем айкалыштырып кайра кабыл алуу зарыл.
5. Коомчулук тарабынан акыркы жылдары көтөрүлүп жаткан “Манастөр” улуттук руханий борборун түптөө жана “Манас” Академиясын ачуу заман талабы.
6.Жаңы доордун талабы катары мамлекеттик стратегиялык өнүгүү багытынын приоритеттүү маселелеринин бири- адамдын жан дүйнөсүндөгү жана коомдогу руханий-материалдык тең салмактуулукка жетишүү, карама- каршылыктан кетип шайкештикке умтулуу, элдин саламаттыгын сактоого маани берүү болуп саналат.
7.”Күч бирдикте. Ырыс алды –ынтымак.” Улуттук биримдикке келүү жана эл менен бийликтин ортосунда иштиктүү байланышты бекемдөө-туруктуу өнүгүүнүн негизги шарты.
8. Ачык салттуу демократиялык коомду курууда руханий принциптерден тайбай, ар кандай диний радикализмден жана улуттук сепаратизмден алда канча бийик турган жаңы доордун айкөлдүк идеологиясын калыптандыруу мезгилдин өктөм талабы.
9.Кыргызстан суунун башы, мөңгүлөрдүн өлкөсү, таза экологиялык чөлкөм катары жаңжалсыз аймак статусун алып, дүйнө элдери менен тынчтыкта, боордоштукта жанаша жашоо-учурдун уңгулуу, заманбап маселелерине айланды.
“Бир улакты жараткан Кудай бир шыбакты кошо жаратат” –деп элибизде айтылгандай аалам-жер менен адамзат турмушу бөлүп алгыс бир бүтүндүк. Анан калса ааламдашуунун албуут агымы адамзат тагдырын кыйма-чийме жолдор менен байланыштырып салды. Анын жакшы-жаман жактары өзүнчө кеп.
Адамдын акыл эси, дээр сезими жана денеси шайкеш-гормониялуу өнүккөндө гана руханий жан дүйнө арууланып, дух көтөрүлүп, адам мүмкүнчүлүгү ар тарап ачылат. Позитивдүү жашоо үлгүсү-коомду жакшы жакка өзгөртөт. Илим-билимге таянып, адеп -ыйманды бекемдөө менен гана баардык тармакты руханийлештирүүгө болот. Таза, адептүү жана адилеттүү коомдо өзүнөн өзү алдым- жуттум жок болуп, тегиз өнүгүүгө жол ачылат.
Дат баспаган, жок болбогон байлык -илим, билим, руханият!
Келечекте кыргыз мамлекети илим-билимди, маданиятты туу туткан өлкөгө айланышы керек. Ансыз биз алдыңкы элдердин катарына кошула албайбыз. Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!
Кадыр Кошалиев, Кыргызстандагы коомдук-саясий жана мекенчил кучтөрдүн Курултайын өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин төрага орун басары, “Кыргыз жолу “коомунун Биримдик кеңешинин төрагасы
Булак: NazarNews.kg