www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарында “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” аталышындагы чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өткөрүлүп, өз ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.

Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын демилгеси менен уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан өткөрүлдү.

Анын жүрүшүндө чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү тарабынан  "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашырууда интеллигенциянын биргелешкен ишин күчөтүү, креативдүү индустрияларды өнүктүрүү, жаштарга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, мамлекеттик жана эл аралык программалар менен интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле “Кыргыз ренессансын” калыптандырууга багытталган системдүү чараларды ишке ашыруу сунушталды. 

Жалпысынан 39 докладчы негизги багыттар боюнча баяндамалар менен чыгышты. 

Талкуулардын жыйынтыгында форумдун катышуучулары тарабынан атайын резолюция кабыл алынды.
Кабыл алынган резолюциянын негизинде иш-чаралар планы түзүлүп, тиешелүү мамлекеттик органдар аткарууга алат. 

Белгилесек, бул форум – Кыргыз Республикасынын Президентинин
“Кыргыз Республикасынын Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгынын алкагында
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын
демилгеси менен төрт (4) этапта өткөрүлүп, маданият жана
илим тармагындагы маселелерди мамлекеттик деңгээлде
системалуу чечүү үчүн чыгармачыл союздардын, илимий
интеллигенциянын өкүлдөрүн бириктирген улуттук платформа болуп эсептелет.

Форумдун I этабы райондук деңгээлде, II этабы болсо облустук деңгээлде өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча ар бир облус жана Бишкек, Ош шаарларынан 5тен өкүл тандалып
алынып, бүгүнкү жыйынга катышышты.

III этаптын жыйынтыгы менен чыгармачыл союздар
жана илимий интеллегенциянын өкүлдөрү жана спикерлери
аныкталды.

Бүгүнкү иш-чара форумдун IV этабы болуп эсептелет жана “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу”
ураанынын алдында өткөрүлдү.

Последние новости