www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыңгыз Айдарбеков Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылганы айтылды.
Ал кайсы иш боюнча суракка алынганы азырынча белгисиз. Ал Башкы тергөө башкармалыгынын имаратынан болжол менен кечки саат 9:00дө чыгып кеткен.
Буга чейин, 31-мартта, ал Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында да суракка алынган.
Белгилей кетсек, экс-депутат Кубанычбек Конгантиев 10-мартта мандатын тапшыргандан кийин, Айдарбеков талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турган. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) айрым жагдайларды Тышкы иштер министрлиги аркылуу кошумча тактоо зарылдыгын билдирип, мандатты ага өткөрүп берүү чечимин кабыл алган эмес. Айдарбеков өзү тергөөнүн узакка созулушуна таң калганын ачык айтып, анын өмүр баяны жана ишмердүүлүгү дипломатия жана мамлекеттик кызматта иштеген жылдары бир нече жолу иликтенгенин баса белгилеген.