www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Булатов Сарт Өмүралиевич 1987-жылы Торуайгыр айылында туулган. Алгач Караколдогу кыргыз-тузем гимназиясында билим алып, андан кийин 1910-жылы ушул эле шаардагы эки жылдык чечек оорусуна каршы эмдөөчүнүн (оспопрививатель) курсун окуп, фельдшердик кесип алат. Бул кыргыз улутунан чыккан алгачкы фельдшер эле! 1912-жылдан 1916-жылга чейин чечектин ж.б. жугуштуу оорулардын “очогуна” каршы эмдөө жүргүзүүлөргө катышып, кыргыз жерине Европа тараптан келген орус, еврей улутундагы белгилүү врач, фельдшерлер менен тааныш болгон. Каргашалуу 1916-жылдагы көтөүлүштө Кытай жакка кетет. 1917-жылы Жаркент шаарындагы аскер лазаретинде иштеп, тез жүрүүчү аскер отрядында фельдшер болот. Ошону менен Кызыл Армияга кызмат өтөп кетип, жарандык согушка катышып 1920-жылга чейин Түндүк фронтунда генерал Анненков менен генерал Дутовдун ак гвардиячыларына каршы согушкан. Алгачкылардан партизандык отряддын мүчөсү болгон. Ошол эле жылдары Жаркенттеги фельдшер курсун бүтүрүүгө үлгүргөн. 1921-жылдан баштап Булатов Сарт Пржевальск шаарына келип, шаардык фельдшер болуп иштейт. Ал жерден билим денгээлин жогорулатууну көздөп, 1930-жылы Ташкент шаарындагы Орто Азия медициналык институтуна кирип окуйт. Айылдаш тууганы, атактуу хирург иниси Ахунбаев Иса менен бирге окушат. Турмуш шартына байланыштуу аны бүтпөй, 3-курсунан кийин Кыргызстанга кайтып келет. Ал кездеги өкмөттүн жолдомосу менен 1933-жылы Кочкор районуна жиберилет. Ал жердин алгачкы башкы дарыгери болуп иштөө менен райондук оорукананы негиздейт. Ал кезде жалгыз дарыгер болгондуктан, терапевт да, акушер-гинеколог да, хирург да, инфекционист да өзү болгон. Оорулардын алдын алуу иши да анын мойнунда эле. Райондо биринчи койкалар ачылып, дарылоо иштери жүргүзүлөт. Жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө да туура келип, дезинфекциялоону колго алды. Булатов Сарт өмүрүнүн 63 жылын медицина арнады. Кочкор районунун саламаттыкты сактоо тармагына кошкон зор эмгеги унутулбай, бааланып, борбордук ооруканасынын 80 жылдыгында ал жерге мемориалдык такта орнотулган. Азыркы учурда Булатов Сарттын уулдары неберелери Кочкордо, Чолпон-Ата шаарында турушат. Уулу Булатов Замир белгилүү врач-офтальмолог, небереси-Булатов Алмаз Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты, юрист, спортсмен. Жакын туугандары Тору-Айгыр айылында; Бокотой-Барактын Кеңеш уруусунан Мүсүралы(Өзбек, Абдыкалык), Өмүралы уулдары.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg