www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан криминалдык чөйрөдө “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.

Алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, Ош шаарынын аймагында узак убакыттан бери иш алып барып келген курулуш компанияларынын биринин ээси-“Бактыяр” аттуу жаран криминалдык чөйрөдө “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун кылмыштуу тобун каржылап жүргөнү аныкталган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, 2019-жылы шектүү Кадыр Досоновдун кылмыштуу идеологиясын колдоо жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоо максатында «Визион Групп» компаниясынын ошол учурдагы башкы директору жана негиздөөчүсү З.О.ну коркутуу жолу менен батирди кылмыштуу топтун кызыкчылыгына өткөртүп берүүгө жетишкен.

Мындан тышкары, 2024-жылы шектүү жарандар А.М. жана Б.К. криминалдык чөйрөдө өз таасирин бекемдөө максатында жогоруда аталган ишкерди кайрадан коркутуп, «Визион Групп» компаниясынын 100 пайыздык үлүшүн толугу менен өздөрүнө өткөртүп алышкан. Андан кийин компания тарабынан курулган батирлерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн атына каттатуу аркылуу кылмыштуу топтун мүлктүк базасын кеңейтишкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар делген 1973-жылы туулган А.М., 1975-жылы туулган Б.К. жана 1977-жылы туулган К. уулу К. кармалып, камакка алынган.

Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер  улантылууда.

 

Последние новости