www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук Тарых Музейге Түркиянын элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан баштаган делегациясы иш сапары менен келди. Меймандарды музейдин директору, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, маданий программа алкагында музей жана тарых жаатындагы кызматташтык маселелери боюнча маектешүүлөр жүргүзүлдү.
Экскурсиянын жүрүшүндө делегация меймандары Кыргызстандын байыркы жана бай тарыхы менен таанышып, музейдин уникалдуу коллекцияларын көрүштү. Түркиянын жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин белгилүү окумуштууларынан турган Евразиянын орто тарыхын изилдөө симпозиумунун катышуучулары кыргыз элинин тарыхы менен түрк дүйнөсүнүн асыл мурастарына өзгөчө кызыгуусун билдиришти.
Ошондой эле, Манас эпосунун руханий-идеологиялык орду боюнча да баян менен таанышып, кыргыз элинин баалуулуктарын сактап келе жаткан музейдин эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдиришти. Алар музей фондусуна баалуу китептер топтомун белек катары тапшырды.