www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салууну караган жарлыкка өзгөртүү киргизген документке кол койду.
Өзгөртүүгө ылайык, текшерүүгө мораторий киргизилген объекттердин катарынан карантиндик продукцияларды жана карантиндик объекттерди текшерүү чыгарылды.
Мындан ары тиешелүү текшерүүлөр ветеринария, фитосанитардык коопсуздук жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Чечим жаныбарлар менен адамдарга жалпы болгон жугуштуу оорулардын жана тамак-аштан массалык уулануунун алдын алуу максатында кабыл алынган.
Министрлер кабинетине жарлыктан келип чыгуучу чараларды үч айдын ичинде ишке ашыруу тапшырылды.
Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.