www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын Нагоя шаарында өтө турган 2026-жылкы Азия оюндарына Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы аныкталды.

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын маалыматына ылайык, мелдеште алты салмак категориясында медалдар ойнотулуп, өлкө намысын алты балбан коргойт.

Кыргызстандын курамы:
57 кг — Бекзат Алмаз уулу
65 кг — Эрназар Акматалиев
74 кг — Орозобек Токтомамбетов
86 кг — Малик Шаваев
97 кг — Каныбек Абдулхаиров
125 кг — Арсланбек Турдубеков
Эркин күрөш боюнча мелдештер 30-сентябрда башталат.

Белгилей кетсек, XX Азия оюндары 19-сентябрдан 4-октябрга чейин Япониянын Нагоя шаарында өтөт.

Последние новости