www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым талдоочулардын пикиринде, Иранга каршы согушта жеңилүү АКШнын ички жана тышкы саясий абалына олуттуу сокку урушу мүмкүн. Алардын баамында, Тегерандын жогорку жетекчилерин жок кылуу Вашингтон күткөндөй натыйжа бербеши ыктымал.

Анткен Ирандагы саясий түзүлүш бир адамга гана байланган эмес. Өлкөнүн башкаруу системасында бийликти өткөрүп берүү механизми алдын ала каралган. Жогорку лидердин ыйгарым укуктары убактылуу координацияланып, кийин жаңы диний лидерди Эксперттер кеңеши шайлайт. Реалдуу таасирге ээ болгон Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) согуш шартында жогорку автономияга ээ.

КСИРдин командалык вертикалы катуу борборлоштурулган жана ар бир жетекчинин орун басары алдын ала бекитилген. Бул модель жетекчилердин жоготуулары шартында да башкарууну үзгүлтүксүз улантууга мүмкүндүк берет.

Талдоочулардын баамында аймактагы америкалык базаларга ракеталык жана дрондук соккулардын күчөшү, Йемендеги хуситтер менен Ирактагы шииттик топтордун активдешүүсү жаңжалды кеңейтип жибериши мүмкүн.

Мындан тышкары, Ормуз кысыгынын жабылышы дүйнөлүк мунай рыногуна катуу таасир этет. Мунай баасынын кескин өсүшү АКШ экономикасына инфляциялык басым жаратышы ыктымал.

Айрым серепчилер Кытай Ирандын туруктуулугуна кызыкдар экенин, узакка созулган согуш АКШны алсыратышы мүмкүн экенин белгилешет. Эгер жаңжал узак мөөнөткө созулса, бул Вашингтондун глобалдык лидерлик позициясына доо кетирет.

Согуштагы олуттуу жоготуулар АКШнын ички саясатына да таасир этет. Коомдук нааразылык күчөп, шайлоо циклине таасирин тийгизиши мүмкүн. Натыйжада бийликтеги Трамптын позициясысын солгундатып, ал түгүл импичментке жеткириши ыктымал.

Демек, Иран менен түз аскерий тирешүү кыска мөөнөттүү тактикалык ийгиликтерди бериши мүмкүн. Бирок узак мөөнөттүү перспективада бул жаңжал глобалдык күчтөрдүн тең салмактуулугуна, энергетикалык коопсуздукка жана АКШнын ички саясий туруктуулугуна олуттуу сыноо жаратары айтылып жатат.

Последние новости