www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле кызматынан кеткен Бакыт Төрөбаевди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жогорку сый-урмат менен узатканына коомчулук күбө болду. Коллективи дүркүрөтө кол чаап, чепкен, тебетей кийгизишип, анан калса, орун басары Жаныбек Керималиев ичи ачышып жатканын да жашырбады. Бул жалпы тармактын маанайындай сезилди. Мындай жылуулук баарына эле буюрбайт эмеспи. 

Чынында эки жылдан ашык министр болгон Бакыт Төрөбаев системага реформа жасап, жакшы иштегени коомчулукта да айтылууда. Буга чейин кайсы жетекчинин келип-кеткени менен көпчүлүктүн иши деле жок. Бирок, экс-министрдин – каарманыбыздын орду өзгөчө көрүнүп, коомчулукта колдогон тарапташтары да арбын экен. 

Аныгында, Бакыт Төрөбаев чоң саясатчы катары да сыноодон өткөн. Он бир жыл мурда эле “Өнүгүү-Прогресс” партиясын түзүп, парламентке командасы менен өтүп келгени белгилүү. Мындайча айтканда, ал кыргыздын белдүү уулдарынын бири. Кандай гана оор кырдаалдар болбосун, саясый күрөштөрдө четте калбай, позициясын билдирип, элдин таламын талашып келет. 

“Азия ньюс”

Последние новости