www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри түштүк аймактарда дары каражаттарынын электрондук базасынын ишке ашырылышын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапарынын алкагында Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Ош жана Жалал-Абад облустарына барып, Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасынын (ЭМБ), анын ичинде көзөмөлдөө модулунун иштешин текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын аймагында жайгашкан «Неман-Фарм» ЖЧКсынын дарыкана пунктунда электрондук системада чагылдырылбаган дары каражаттары аныкталды. Бул факт боюнча ыйгарым укуктуу адистер тарабынан тиешелүү акт түзүлдү.
Министр дары каражаттарын милдеттүү түрдө каттоо жана санариптик көзөмөлдөө талаптары менчик формасына карабастан фармацевтикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн бардык субъекттерге бирдей тиешелүү экенин белгиледи.
.