www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иманов эми Инвестициялык агенттикти иритеби?

Кечээги "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болгон кадрдык бороондун капшабы Санариптик өнүктүрүү министрлигине дагы тийди. Министр Талантбек Иманов ээлеген ордун Нурия Кутнаевга бошотту. Эми министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Кутнаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып, бекитилет.

Ал эми Талантбек Иманов болсо Улуттук инвестициялык агенттикке директор болуп барды. Майлуу-сүттүү кызматтарды тебетейдей алмаштырган Ширшовдун шоопуру болуп жүрүп, башайланткан карьера жасаган Иманов эми өлкөгө күргүштөтүп инвестиция тартып, экономиканы гүлдөтүп жиберет дегенге ким ынанат? 

Дегенибиз, буга дейре дээрлик эки жылга чукул Санариптик өнүктүрүү министрлигин жетектеп жарытпаган неме, инвестиция тартып кыйратып жиберши күмөн. "Шефи" Ширшов аркылуу кайра эле этегине эрмешип, жакасына жармашып күмөндүү инвесторлорду тартып, акча адалдаган былыктуу иштерден төбөсү чыкпаса болгону. Башка колунан иш келиши кыйын. Анткени, алма сабагынан алыс түшпөйт эмеспи. 

Мына Санарапти өнүктүрүү министри кезинде соцтармактар аркылуу чала блогер-журналисттерге акча төлөп, өзүн-өзү курулай мактаткандан башка иш кылган жок. Имановдун жармач ой-жүгүртүүсү боюнча жалданган төрт-беш адам фейсбукта жалганды айтып даңаза кылса, эл мыкты иштеп жатат деп кабыл алат деп түшүнсө керек. Эл деген көрөгөч. Жасалма пиар менен реалдуу иштин маңызын жакшы айырмалап билишет. 

Мына Калкты тейлөө борборлорунда кезек күткөн адам батпайт. Күндө таң эрте барып кечке жүрүшөт справка ала алышпай. Анан кантип Имановго ыраазы болуп алкыш айтмак эле. 

Эки жылга чукул мезгилден бери цифровизацияны аягына чыгара албай койду. 

Айтмакчы, "Түндүк" аталышында электрондук кызмат көрсөтүү порталын ачыптыр. Бирок ал боюнча элде маалымат жок. Эң кур дегенде ошону элге кантип колдонуу керектиги боюнча түшүндүрмө берип, ролик чыгарып жарыткан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости