www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илон Маск ЕБнын таркатылышын талап кылды

Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск Европа Биримдигин таркатуу зарыл экенин айтып, кайрадан курч билдирүү жасады. Ал бул пикирин өзүнүн X социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган.

Масктын айтымында, Европа Биримдиги жоюлуп, эгемендүүлүк мүчө мамлекеттерге кайтарылышы керек:

«Европа Биримдиги жоюлуп, эгемендүүлүк айрым өлкөлөргө кайтарылышы керек, ошондо мамлекеттер өз элин жакшыраак багыттай алышат», — деп жазды ал.

Ишкер мындан тышкары, «Европаны акырындык менен муунтуп жатат» деп сындады. Маск биримдиктин натыйжалуулугуна шек келтирип, өлкөлөргө андан чыгуу сунушун буга чейин да бир нече ирет айткан.

Чыр-чатактын күчөшүнө Европа Комиссиясынын X платформасына 120 миллион евро айып салуу чечими себеп болгон. Бул санкция Санариптик кызматтар жөнүндөгү мыйзамды бузуу — жарнаманын жетишсиз ачыктыгы жана колдонуучулардын аккаунттарына байланышкан талаптар аткарылбаганы үчүн киргизилген.

Бул чечимди Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров да сынга алып, Европа Биримдиги «каршы пикирлерге чыдаган платформаларды атайылап бут тосуп жатат» деп белгилеген.

Эске салсак буга чейин Рим папасы Лев XIVМаск триллионер макамына жеткенден кийин дүйнө олуттуу сыноолорго туш болушу мүмкүн деген оюн айткан.

Последние новости