www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 8-декабрдан 10-декабрга чейин жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:
Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74 чакырымдарында Чапчыма ашуусунда;
Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.