www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракчылыкка, аткезчиликке жана 2014-жылдагы киши өлтүрүүгө тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан “Муса” деген каймана аты менен таанымал жаран Г.М. болжол менен 2012-жылдан бери ишкерлерден акча талап кылуу, ошондой эле Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймагында тоноо жана каракчылык кылуу менен алектенген туруктуу уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү аныкталды. 

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинде (кылмыштуу коомдошдукту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. 

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмыштуу топ Баткен облусу аркылуу Тажикстан Республикасына эл керектөөчү товарларды аткезчилик жол менен ташууга, баңгизаттарды жана уурдалган автоунааларды ташууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынган. 

Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1977-жылы туулган жаран Г.М. (Муса) кармалды. Аны тинтүү учурунда төмөнкүлөр табылып алынды:

- колго жасалган револьвер (1 даана) 6 патрону менен; 

- ак порошок түрүндөгү баңгизаты бар баштыкча.

 Кармалган адам мурда каракчылык, ден соолукка оор залал келтирүү жана опузалоо боюнча бир нече жолу соттолгон. 

 Мындан аркы кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Ош облусунун аймагында кылмыштуу топтун башка катышуучулары аныкталып, кармалды:

- 1984-жылы туулган К.Ы.. Буга чейин каракчылык, опузалоо жана тоноо боюнча бир нече жолу соттолгон. Жашаган жерин тинтүү учурунда Ф-1 гранатасы (1 даана) жана салмагы 8 грамм болгон өсүмдүк тектүү баңгизат табылып алынды; 

- 1992-жылы туулган О.А.. Буга чейин адам уурдоо, ден соолукка атайылап зыян келтирүү, мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу боюнча соттолгон. Жашаган жерин тинтүү учурунда кесилген мылтык (1 даана), салмагы 4 грамм болгон өсүмдүк тектүү баңгизат (гашиш), кастет (1 даана) табылып алынды.

 Аталган адамдар Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна киргени жана “Дженго” деген каймана аттуу криминалдык төбөл Кадырбек Досонов менен түз байланышта болуп, уурулук идеологиясын ачык жайылтып, өзгөчө мыкаачылыгы менен айырмаланганы аныкталды.

Топту андан ары иликтеп чыгуунун жүрүшүндө кармалгандардын 2014-жылы Баткен шаарында жасалган жеке ишкерге кол салуу жана өлтүрүүгө тиешеси бар болушу мүмкүндүгү маалым болду. 

Алсак, 2014-жылдын ноябрь айында белгисиз адамдар Баткен шаарындагы үйлөрдүн бирине кирип, жарандар А.Ш. менен А.Ш.га бычак колдонуп, акча талап кылышкан. Андан соң, жабырлануучуларга бычак менен жаракат келтирип, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучулар Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк жабырлануучулардын бири А.Ш. алган жаракаттарынан улам каза болгон. 

Учурда кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Тергөө амалдары уланууда. 

Последние новости