www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларындагы жана Сузак районундагы буга чейин соттолгон мүчөлөрү, жума намазынын жүрүшүндө экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-август күнү Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларындагы жана Сузак районундагы мечиттерде жума намазы башталаар алдынан «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун буга чейин соттолгон бир катар жактоочулары: «П.И.С.» 1970-ж.т., «Х.А.Т.» 1974-ж.т., «Т.Т.К.» 1979-ж.т., «И.М.М.» 1995-ж.т., «К.А.Р.» 1980-ж.т., «У.Р.А.» 1962-ж.т, «Т.у.Т.» 1990-ж.т., «К.М.М.» 1976-ж.т., «М.Х.М.» 1973-ж.т., «Т.К.С.» 1966-ж.т. «М.Н.У.» 1970-ж.т., «К.у.К.» 1995-ж.т., «А.Б.М.» 1986-ж.т., «М.у.А.» 1997-ж.т., «М.А.Х.» 2002-ж.т. жана «А.З.Ш.» 1983-ж.т. – өздөрүнүн мурда тандап алган диний агымдардын туура эместигин моюндап, алардын деструктивдүү идеяларынан баш тартып, жарандарды «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» жана башка диний-экстремисттик уюмдардын мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты. 

Белгилей кетсек, жогоруда аталган адамдар мурда өздөрүн Кыргыз Республикасында тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун мүчөлөрү катары тааныштырып, жергиликтүү тургундардын арасынан жаңы тарапташтарды тартууну көздөп, экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында өздөрү жашаган аймактарда жума сайын жашыруун түрдө диний сабактарды (дарстарды) өткөрүп келишкен.

2024-жылдын декабрь айында жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын натыйжасында жогоруда аталган жарандар кармалып 2025-жылдын май айында аларга карата соттук айыптоо өкүмдөрү чыгып, айып пулдар салынган.

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын жана алардын тарапташтарынын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.

Последние новости