www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте алгачкы

Бүгүн, 26-августта Бишкек шаарында АНО "Евразия" жана мэриянын колдоосу менен "Евразия"  социалдык азык-түлүк дүкөнүнүн ачылыш аземи болуп өттү. 

Салтанаттуу иш-чарага АНО "Евразиянын" төрагасы, Россия Федерациясынын Мамдумасынын депутаты Алёна Аршинова жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Алёна Аршинова өз сөзүндө, бул долбоорго колдоо көргөзгөнү үчүн Бишкек шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирди.

"Евразия" социалдык дүкөнү жалгыз болбойт. Өлкөнүн башка аймактарында да ачуу планда бар. Биз аталган дүкөндөгү азык-түлүктөрдүн сапаты мыкты жана баасы шаар тургундары, өзгөчө пенсионерлер үчүн ыңгайлуу болушуна аракетибизди жумшап жатабыз. АНО "Евразиянын" максаты - адамдарга жардам берүү", - деди Аршинова.

Ал эми, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев айрым дүкөн ээлери жогорулатылган бааны коюп жатканын белгилеп, аларга чара көрүлүп жатканына токтолду.

"Өлкөдөгү социалдык-саясаттын алкагында "Евразия" уюмунун социалдык дүкөн ачып жатканы биздин жогоруда айтып өткөн саясатты колдоо деп эсептейм. Уюмдун жетекчилигине ыраазычылык билдирем", - деди мэр Жунушалиев.

"Евразия" дүкөнүнөн шаар тургундары күнүмдүк турмушта керектелүүчү азык-түлүктөрдү ыңгайлуу баада ала алышат.

Аталган дүкөндүн дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 146/1.

Последние новости