www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кол өнөрчүлүк ыкмасы менен кайра жасалган iPhone телефондорун сатуу схемасы ачыкка чыкты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында «Айчүрөк» соода борборунун имаратында иш жүргүзгөн «Мостовой» соода түйүндөрүнүн кызматкерлери телефон оңдоочу адистердин жардамы менен сыйымдуулугу 256ГБ болгон жаңы телефондорду ачып, тиешелүү микросхемаларын которуп, мобилдик аппараттардын сыйымдуулугун жасалма ыкмалар аркылуу 1ТБга көбөйтүшкөнү аныкталды. Андан соң телефондор кутучаларга салынып, жаңы жана ачыла электей көрүнүшкө ээ болуу үчүн, жергиликтүү шаардык басмаканаларда жасалган фабрикалык чыптамалар менен оролгон.
Андан ары, жасалма айфондор «Мостовой» дүкөндөр тармагында, ЦУМ «Айчүрөк» жана «ГУМ» соода борборлорунда жайгашкан башка дүкөндөрдө жогорулатылган баада сатыла баштаган.
КР УКМК «Мостовой» соода түйүндөрүнөн iPhone уюлдук телефондорун сатып алган жарандарды iUnlocker сайты аркылуу жарыяланган заводдук мүнөздөмөсүнө шайкештигин текшерүүнү өтүнөт. Эгерде дал келбестиктер аныкталса же өз алдынча текшерүү мүмкүн болбосо, 0 995 300 871 телефон номуруна кайрылууга чакырабыз.