www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Брюсселдеги акыркы саммит Европанын тарыхындагы эң талаштуу чечимдердин бири болуп калышы мүмкүн. Европа Биримдигинин лидерлери Украинага 2026–2027-жылдарга 140 миллиард еврого чейин каржылык жардам берүү планын талкуулап, аны Россиянын тоңдурулган мамлекеттик активдеринин негизинде камсыздоону сунушташты. Бул идея биринчи караганда “Киевге жардам” катары көрүнүшү мүмкүн, бирок анын артында эл аралык мыйзамды тебелеген олуттуу суроолор турат.

Эске сала кетсек, 2022-жылы Россия-Украина жаңжалы башталгандан кийин Европабиримдиги Россиянын Борбордук банкынын 200 миллиард еврого жакын активин камакка алган. Бирок “тоңдуруу” менен “пайдалануу” эки башка нерсе. Биринчиси, саясий басымдын убактылуу куралы болсо, экинчиси, ээлик укугун бузуу, мамлекеттин суверенитетин тебелөө. Ток этерин айтканда, бул активдерди Россиянын макулдугусуз пайдалануу эл аралык келишимдик укуктарга каршы келет. 

Андыктан, Москванын бул кадамды “мыйзамсыз жана провокациялык” деп атап, мындай аракет эл аралык келишимдерге жана мамлекеттин финансылык иммунитетине каршы келерин эскерткенинин жүйөсү бар. Чынында Европа бүгүн Россиянын активдерин “күрөөгө” койсо, эртең кайсы өлкөлөрдүн активдерин өзүм билемдик кылып пайдаланышат деген суроо туулат? Мындай кадам дүйнөлүк каржы системасына болгон ишенимди соолутат. Эл аралык укук, шарттуу гана түшүнүккө айланып калса, анда дүйнөлүк тартипти ким сактайт?

Эгер Москва эл аралык сотко кайрылса, жоопкерчиликти бир гана Брюссель эмес, бардык мүчө өлкөлөр тең көтөрүшү керек. Бул жагдай Европа ичиндеги юридикалык жана саясий ажырымды дагы тереңдетет. Россия бул кырдаалды жөн гана “финансылык чыр” катары эмес, глобалдык принциптер үчүн күрөш катары кабыл алып жатат. Анткени бүгүн Москвага каршы колдонулган ыкма, эртең башка мамлекеттерге да үлгү болуп калышы мүмкүн. 

Ырасында, Европа “адилеттик” деп аталган чапанга жамынып алып, мыйзамды өзү тебелеп жатпайбы? Андыктан, бул маселе жөн гана каражат бөлүү эмес, эл аралык укуктун, мамлекеттер ортосундагы ишенимдин жана глобалдык финансылык тутумдун кыйроосуна жол ачкан, кесепети оор прецедент жаратат.

Последние новости