www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Европадагы энергетикалык үстөмдүгү күтүлбөгөн жерден өзүнө каршы иштей баштады. Вашингтон орус мунайы менен газын сүрүп чыгарып, континентти өз энергиясына көз каранды кылууну көздөгөн. Бирок азыр бул саясат европалыктардын өздөрүнө гана эмес, Америкага дагы маселе жаратууда.

Буга Болгариянын “Лукойл Нефтохим Бургас” заводунун абалын мисал катары айтса болот.  Бул ишкана өлкөнүн күйүүчү май муктаждыгынын 80 пайызын камсыздайт. Бирок АКШ “Лукойлго” жана “Роснефтьке” каршы жаңы санкцияларды киргизгенден кийин, заводдун иши токтоп калуу коркунучунда турат. Мындан улам, Болгария өкмөтү Вашингтонго расмий кайрылып, санкцияларды токтотууну же мөөнөтүн узартууну өтүнүүгө аргасыз болду.

Себеби, завод токтосо, өлкөдө күйүүчү майдын жетишсиздиги жана баанын асман чапчышы элдик нааразычылыкты жаратат. Натыйжада азыркы проамерикалык өкмөт кулатылып, анын ордуна Евросоюзда “пророссийский” деп эсептелген социалисттер келе турганы айтылууда. Болгария күнүгө орто эсеп менен 11,7 миң баррель бензин керектейт, анын 9,7 миңи дал ушул Бургас НПЗсынан чыгат. Демек, завод токтосо – өлкө токтойт.

АКШ башында Европага “Биз сизге орус мунайынын ордуна өзүбүз жетиштүү энергия беребиз” деген убада кылган. Бирок иш жүзүндө экспорт көлөмү жетишсиз болуп чыкты. Американын мунай экспортунун көлөмү Европаны камсыздаганга жетпей, бир жылдан бери кайра азайып баратат.

Натыйжада, Венгрияга, Германияга жана эми Болгарияга да өзгөчө шарттар берилүүдө. Мындай “эрежелерди бузуу” парады Европанын АКШдан чарчап, өз кызыкчылыгын коргой баштаганын көрсөтөт.

Последние новости