www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан 22-сентябрды Көчмөндөр мурасынын эл аралык күнү деп жарыялоону ЮНЕСКОго сунуштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Аталган ведомствонун жетекчиси Мирбек Мамбеталиев ЮНЕСКОнун Социалдык жана гуманитардык илимдер боюнча комиссиясынын жыйынында сүйлөгөн. Иш-чара 6-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өттү.
"Министр ЮНЕСКОго 22-сентябрды Көчмөндөр мурасынын эл аралык күнү деп жарыялоону сунуштады. Демилге Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу катчылыгы тарабынан даярдалып, уюмга мүчө 22 өлкө тарабынан колдоого алынды", — деп айтылат маалыматта.
Мамбеталиев ошондой эле катышуучуларды 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырган.
"Көчмөн мурасынын эл аралык күнүн белгилөө менен бирге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү — эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана маданият, илим аркылуу муундар ортосундагы диалог үчүн аянтча түзүүгө өбөлгө болот", — деген министр.
Ал ошондой эле ЮНЕСКО уюмуна жана бардык мүчө мамлекеттерге ыраазычылык билдирип, демилгени бир добуштан колдоп берүүгө чакырган.