www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 4-5-февралында Бишкекте Б5+1 ишкерлердин экинчи жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Вашингтон шаарында өткөн "Борбордук Азия - АКШ" (C5+1) саммитинде билдирди.
“Бул иш-чара АКШ бизнеси үчүн айыл чарба, электрондук соода, маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, туризм, банк сыяктуу тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем”, - деди мамлекет башчысы.
Эске салсак, 2024-жылдын 13-15-мартында Алматы шаарында Б5+1 бизнесмендеринин биринчи жолугушуусу өткөн. Форумга АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкмөттөрүнүн, бизнес коомчулуктарынын өкүлдөрү катышкан.