www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин тапшырмасын аткаруу максатында, КР УКМК, Финансылык көзөмөл кызматынын Түштүк аймактык башкармалыгы жана КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте Ош шаарында жана Ош облусунда иш алып барган күрөөканаларга карата текшерүү иш-чаралары башталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Возможно, это изображение улица и текст

Текшерүүнүн жүрүшүндө өлкө мыйзамдарында белгиленген пайыздык чендердин жогорулатылган учурлары аныкталып, алар боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан административдик айыптар салынды.

Мындан тышкары, 30дан ашуун күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулуп, тиешелүү текшерүү иштери дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет.

Нет описания фото.

КР УКМК тарабынан учурда калкка мүмкүн эмес шарттарда акча каражатын берип, күрөө мүлкүн өз пайдасына которуп, ошону менен өзгөчө ири өлчөмдө киреше алып келген сүткорлук менен алектенген адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Нет описания фото.

Нет описания фото.

Нет описания фото.

Последние новости