www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Bharat Electricity Summit 2026 иш-чарасынын алкагында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Индиянын алдыңкы энергетикалык жана технологиялык компанияларынын, анын ичинде KEC International Limited, NHPC Limited, NTPC Limited, а также CraticAI Services Private Limited жана башкалардын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун перспективалары, анын ичинде гидроэнергетиканы, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, көмүр өнөр жайын өнүктүрүү, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, санариптик жана инновациялык чечимдерди ишке ашыруу талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен KEC International Limited компаниясынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен и CraticAI Services Private Limited компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында энергетика тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган эки Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

2026-жылдын 21-мартында министр Нойдадагы NTPC Limited күн электр станциясына барды жана электр энергиясын өндүрүүнүн заманбап технологиялары, ошондой эле энергияны узак мөөнөттүү сактоо чечимдери жана сактоо тутуму менен энергияны сактоонун жаңы ыкмалары менен таанышты.

Иш сапар кыргыз тараптын индиялык компаниялар менен практикалык кызматташууну кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү үчүн алдыңкы технологияларды киргизүүгө кызыкдарлыгын ырастады.

Последние новости