www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан «Нелегал» аталышындагы ыкчам иш-чаранын алкагында Индия Республикасынын 2002-жылы туулган жараны, студент аял кармалды. Ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталгандай, шектүү К.М. Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алат. Ал өзүнүн мекендештеринен ири суммадагы Индиянын улуттук валютасы — рупийди алып, аны АКШ долларына алмаштырып берүүнү убада кылган.
Учурда шектүүгө карата анын 9 мекендешинен арыз түшкөн. Алардын айтымында, алдап алынган каражаттын минималдуу суммасы 35 миң сомду (улуттук валютага которгондо), ал эми максималдуу суммасы 243 миң сомду түзгөн. Жалпысынан жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыян 3 миллион сомдон ашкан.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.