www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таалайбек Ибраев:

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин атын жамынган шылуундардан сак болуңуз! Бул тууралуу министр Ибраев өзү соц тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

"Урматтуу окурмандар!

Шылуундар энергетика министримин деп, менин атымды жамынып, сүрөтүмдү коюп алып, WhatsApp аркылуу кимдир бирөөлөргө жазып, чалып, алдамчылык жолдорго барууда.

Андыктан сиздерди менин атыман барган ар кандай түшүнүксүз СМСге жооп бербөөгө жана алардын сөздөрүнө ишенбөөгө чакырам.

Эскертүү! Байланыш номерге маани бериңиз!

Менин байланыш номерим (+996755135794) мындай эмес.

Мүмкүн болсо маалыматты таратып коюңуз, эч ким шылуундун тузагына түшпөсүн",-деп жазып калтырган министр. 

Последние новости